Ирактын түндүгүндө бир аскер шейит болуп, 2 аскер жараланды
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Ирактын түндүгүндөгү операция аймагында террористтердин аткылоосунун натыйжасында жөө аскер, сержант Кадир Дингилдин шейит болгону, 2 аскердин жаракат алгандыгы билдирилди.
Ирактын түндүгүндөгү операция аймагында жикчил террордук уюмдун террористтеринин аткылоосунун натыйжасында 1 аскер шейит болуп, 2 аскер жараланды.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Ирактын түндүгүндөгү операция аймагында террористтердин аткылоосунун натыйжасында жөө аскер, сержант Кадир Дингилдин шейит болгону, 2 аскердин жаракат алгандыгы билдирилди.
Жаралуу аскерлердин дароо ооруканага жеткирилип дарылана баштагандыгы белгиленген билдирүүдө : "Бизди терең кайгыга салган бул окуяда каза болгон шейитибизге Аллахтан ырайым, кайгылуу үй - бүлөсүнө, түрк куралдуу күчтөрү менен улутубузга көңүл айтып жана жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз",- деп айтылды.
Тектеш кабарлар
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Кубада
Нуман Куртулмуштун Кубадагы расмий жолугушуулары Хосе Марти эстелигин зыярат кылуу менен башталат.