Байрактар ТB 3 учкучсуз учуучу аппараты 30 миң фут бийиктикке чыкты
Байрактардан берилген маалыматка караганда Байкардын улуттук жана жергиликтүү түрдө иштелип чыккан Байрактар ТB 3 учкучсуз учуучу аппарат, Бийиктикке чыгуу системасынын иштөө сынагынан ийгиликтүү өттү.
Байрактар ТB 3 учкучсуз учуучу аппараты Текирдагдын Чорлу районундагы AKINCI учуу - машыгуу жана сыноо борборунан учуп 30 миң фут бийиктикке чыкты.
Байрактардан берилген маалыматка караганда Байкардын улуттук жана жергиликтүү түрдө иштелип чыккан Байрактар ТB 3 учкучсуз учуучу аппарат, Бийиктикке чыгуу системасынын иштөө сынагынан ийгиликтүү өттү.
TUSAŞ мотор өнөр жайы акционердик коому тарабынан ата мекендик өндүрүштө иштелип чыккан PD-170 кыймылдаткычы менен учкан улуттук учкучсуз учуучу аппараты бийиктикке учуу сыноосунда бийиктиктеги система жана туруктуулугу өлчөлгөн сыноону ийгиликтүү аяктады.
Байрактар TB 3 учкучсуз учуучу аппараты бүктөлүүчү канат түзүлүшү менен TCG Анадолу сыяктуу кыска тилкелүү учак конуучу кемелерден учуп - конуу жөндөмдүүлүгүнө ээ дүйнөдөгү алгачкы учкучсуз учуу аппарат болот.
Көрүү линиясынан тышкаркы кабарлашуу жндөмдүүлүгүнө да ээ боло турган улуттук учкучсуз учуучу аппараты узун аралыктан да башкарыла алат. Ушундайча чалгындоо - байкоо, чалгындоо жана алып жүргөн акылдуу ок - дарылар менен чабуул коюу миссияларын деңиздин ары жагындагы буталарга каршы аткарып Түркиянын токтотуучу күчүн көбөйтүүчү таасирге ээ болот.