Алпер Гезеравжынын кайтышы кечеңдетилди
SpaceX Х социалдык эсебинен Axiom - 3 тобунун Эл аралык космостук станциясынан кетишинин кечеңдетилгендигине байланыштуу маалымат берди.
Түркиянын биринчи космонавты Алпер Гезеравжы да болгон Драгон космостук унаасы жана Axiom-3 командасынын жерге кайтып келеши Флорида жээгиндеги аба ырайынын ыңгайсыздыгынан улам 5 - февралга чейин кечеңдетилди.
SpaceX Х социалдык эсебинен Axiom - 3 командасынын Эл аралык космостук станциясынан кетишинин кечеңдетилгендигине байланыштуу маалымат берди.
Билдирүүдө Флорида жээгиндеги ыңгайсыз аба ырайынан улам Драгон жана Axiom-3 командасынын 5 - февралдан мурда Эл аралык космостук станциядан чыкпай тургандыгы айтылды.
Өзгөчө команданын Эл аралык космостук станциясынан чыгуу пландарына байланыштуу аба шарттарын байкоону уланта тургандыгы белгиленди.
Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр социалдык медиа эсебинен Түркиянын биринчи космонавты Алпер Гезеравжынын жерге кайтуу процесси тууралуу маалымат берди.
SpaceXтин Axiom - 3 командасынын Эл аралык космостон кетишинин кечеңдетилгендигине байланыштуу билдирүүсүнө шилтеме жасаган Кажир : «Түркиянын биринчи космонавты Алпер Гезеравжыны тосуп алуу үчүн дагы бираз күтөбүз. Экипажды аман - эсен Жерге алып келүү үчүн коно турган аймактын аба шарттарынын ылайыктуу эмес экендиги аныкталды. Эл аралык космостук станциясынан кийинки чыгуу күнү 5 - февраль саат 17:00 жана Жерге кайтып келиши 6 - февраль саат 17 : 50».
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.