Түрк илимий тобу 4 күндөн кийин Антарктикага барды

8 - Улуттук Антарктика илим экспедициясынын алкагында жолго чыккан түрк командасы 90 сааттык жолдон кийин Антарктида Кинг - Жорж аралына жетти.

2096728
Түрк илимий  тобу 4 күндөн кийин Антарктикага барды

 8 - Улуттук Антарктика илимий экспедициясынын алкагында жолго чыккан түрк командасы 90 сааттык жолдон кийин Антарктида Кинг - Жорж аралына жетти.

Улуттук Антарктика илим экспедициясынын координатору профессор доктор Буржу Өзсой Стамбулдан башталган сапардын 4 - күнүндө Антарктидага келишкендерин айтып : «Учурда Антарктидага 20 түркиялык илимпоз келди жана биз менен бирге 3 мектеп окуучусу да бар»,- деди.

Лицей окуучуларынын Антарктидадагы илимпоздорго кошулуп, долбоорлорун бул жерде ишке ашыра турганын белгилеген Өзсой, быйыл Түркия илимий экспедициясына Испания, Болгария жана Америкадан илимпоздордун да катыша турганын айтты.

Өзсой түрк илимий топтун бул жылы 22 башка долбоорду ишке ашыра тургандыгын белгиледи.

Команда Кинг Жорж аралынан жолго чыгып, алгач Дисмал аралына, андан кийин Түркиянын убактылуу илимий лагери жайгашкан Така аралына барууну пландап жатат.



Тектеш кабарлар