Байрактар Венесуэла сапарынын алкагында президент Николас Мадуро менен жолугушту
Байрактар борбор шаар Каракаста болгон жолугушуудан кийин X социалдык медиа эсеби аркылуу билдирүү жасады.
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар Венесуэла сапарынын алкагында президент Николас Мадуро менен жолугушту.
Байрактар борбор шаар Каракаста болгон жолугушуудан кийин X социалдык медиа эсеби аркылуу билдирүү жасады.
Министр Байрактар: «Каракаска болгон сапарыбызда Венесуэланын президенти Николас Мадуро мырза менен да жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Президенттерибиздин жетекчилигиндеги өз ара расмий сапарлардын жыйынтыгында эки өлкөнүн карым-катнаштары жакшырып, башка чен-өлчөмгө өттүк. Биздин максат бекем пайдубалдарга курулган карым-катнашыбызды энергетика жана тоо-кен тармагындагы кызматташуубуз менен мындан ары да кеңейтүү болот»,-деп айтты.
Вице-президент Делси Родригес менен болгон жолугушуусуна токтолгон Байрактар: «Каракастагы жолугушууларыбыздын алкагында Венесуэланын биринчи вице-президенти Делси Родригес мырза менен да жемиштүү жолугушуу өткөрдүк. Венесуэла менен энергетика жана тоо-кен тармагында кызматташуубузду бекемдөө үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдарды талкууладык»,- деп өз баасын берди.
Николас Мадуро өлкөсүнө барган энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар менен жолугушуусу тууралуу: «Алпарслан Байрактар менен эң сонун жолугушуу болду»,-деди.
Мадуро X социалдык медиа эсебинен министр Байрактар менен жолугушуусунун сүрөттөрүн бөлүшүп: «Түркия Республикасынын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар менен сонун жолугушуу болду. Биз эки өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн соода алмашуубуздун деңгээлин көтөрүү максатында энергетика жана тоо-кен тармагындагы өнөктөштүктөрдү бекемдөө боюнча сүйлөшүп, пикир алмаштык»,-деп айтты.