АКШ Түркия F-35 программасына кайрадан катышуусу мүмкүн экенин билдирди
Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби, күнүмдүк маалыматтандыруу жыйынында F-35тер тууралуу суроого жооп берди.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) башкаруучулугу, Түркиянын (Орусиядан сатып алган) С-400гө байланыштуу тынчсызданууларын чечсе, F-35 программасына кайрадан катышуусу мүмкүн экенин билдирди.
Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби, күнүмдүк маалыматтандыруу жыйынында F-35тер тууралуу суроого жооп берди.
«Түркияга F-16ларды саткандан кийин бул өлкө F-35 программасына кайтып келе алабы?» деген суроого Кирби: «Бул темадагы сүйлөшүүлөрүбүз уланууда, Түркия бул темадагы тынчсызданууларыбызды чече алса, анда анын F-35 программасына катышуусу калыбына келтирилиши мүмкүн»,-деп жооп берди.
Апта соңунда Түркияда жолугушууларды өткөргөн АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Виктория Нуланд Орусиядан сатылып алынган С-400 ракеталык коргонуу системасына байланыштуу абал жөнгө салынса, Түркияны F-35 программасына кайра кабыл алуудан ыраазы боло тургандарын айткан.