Түркия ТКТРнын БУУнун тынчтык күчтөрүнүн мөөнөтүн узартууга каршы чыгуусун колдойт

Тышкы иштер министрлиги темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Бириккен Улуттар Уюмунун калыптанган практикасынын тескерисинче, Тынчтык күчтөрүнүн (UNBG) мандаты узартылганда Кипр Түрк тарабынын уруксаты бул жолу да алынган жок»,-деп айтылды.

2095690
Түркия ТКТРнын БУУнун тынчтык күчтөрүнүн мөөнөтүн узартууга каршы чыгуусун колдойт

 

Түркия, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) аралда жайгашкан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Тынчтык күчтөрүнүн ыйгарым укуктарынын узартылышына карата каршы чыгуусун колдоду.

Тышкы иштер министрлиги темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Бириккен Улуттар Уюмунун калыптанган практикасынын тескерисинче, Тынчтык күчтөрүнүн (UNBG) мандаты узартылганда Кипр Түрк тарабынын уруксаты бул жолу да алынган жок»,-деп айтылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Тынчтык күчтөрүнүн Түндүк Кипр Түрк Республикасынын бийлигинин жакшы ниетинин алкагында ишмердүүлүгүн уланта алганына көңүл бурулган билдирүүдө, бул иш-аракеттердин улануусу үчүн мыйзамдык негизге муктаж экени жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын бул багыттагы кадамдары үчүн Түркиянын толук колдоосу бар экени баса белгиленди..

Билдирүүдө БУУнун Коопсуздук Кеңешине «Кипрде адилеттүү, туруктуу жана улантылгыдай чечимдин жер бетиндеги фактылардын негизинде гана ишке ашуусу мүмкүн экенин кабыл алууга жана Кипр түрк калкын «өздөрүнө таандык укуктарын, эгемендик теңдигин жана тең эл аралык статусун каттоого» чакырган билдирүүдө, «Биз БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жана эл аралык коомчулуктун алдында Түндүк Кипр Түрк Республикасын таануу чакырыгыбызды кайталайбыз»,делди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министрлиги БУУнун Коопсуздук кеңешинин Кипрдеги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Тынчтык күчтөрүнүн мандатын дагы бир жылга узартуу чечимине жооп берип: «Коопсуздук Кеңеши биздин уруксатыбызсыз Тынчтык күчтөрүнүн мандатын 2025-жылдын 31-январына чейин узартуу менен катасын дагы бир жолу кайталады»,деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Тынчтык күчтөрүнүн Кипрдеги 60-жылына жеткенине көңүл бурулуп, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Тынчтык күчтөрүнүн  аралда эки тарапка тең бирдей мамиле кылуу жана талаштарга адилеттүү чечим табуу сыяктуу негизги милдеттерин аткара албаганы белгиленди.

Ал бардык тараптар тарабынан «туруктуу эмес» деп эсептелген статус-квонун сакчысы болуп калгандыгы айтылды.

«Кипр түрк тарабынын эркин жана бар экенин көрмөксөнгө салган бул мамилени четке кагабыз. Кипрдин түндүгүндөгү эгемендүүлүк Кипр түрк элине жана анын мамлекети болгон Түндүк Кипр Түрк Республикасына таандык. "Тынчтык күчтөрү биздин өлкөдө өз ишмердүүлүгүн мыйзамдуу негизде жүргүзүүсү зарыл»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар