Фахреттин Алтун Астриянын Die Presse гезитине макала жазды

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, Алтун Түркия-Австрия достук келишиминин 100 жылдык мааракесине байланыштуу Австриянын алдыңкы гезиттеринен Die Presseге макала жазды.

2095867
Фахреттин Алтун Астриянын Die Presse гезитине макала жазды

Президенттик аппараттын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, бүгүнкү Түркиянын өз чектеринде гана эмес, аймактык жана глобалдык деңгээлде ойноочу, өзүнө каршы түзүлүүгө аракет кылынган оюндарды үзгүлтүккө учураткан, көйгөйлөрдү жана кризистерди чечүүдө активдүү роль ойногон өлкө экенин белгиледи.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, Алтун Түркия-Австрия достук келишиминин 100 жылдык мааракесине байланыштуу Австриянын алдыңкы гезиттеринен Die Presse гезитине «Жүз жылдык мурас: Түркия-Австрия карым-катнаштары жөнүндө» деген макаласын жазды.

Алтун адам укуктары жана кадыр-баркынын Түркиянын кам көргөн жана ар мүмкүнчүлүктө эл аралык платформаларда күн тартибине алып келген «универсалдык баалуулуктар» экенин баса белгилеп:«Ушул аң-сезим менен кыймыл кылганыбызда Түркиянын 7-октябрдан бери дүйнө күн тартибин ээлеген Газа кризисинин алкагында тынчтыкчыл чечимдерди издөөсү жана БУУнун параметрлеринин алкагында эки мамлекеттүү чечимди колдогон мамилеси аймакта туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу үчүн жасалган маанилүү кадамдардын бири. Бүгүнкү Түркия өз чегинде гана эмес, аймактык жана глобалдык деңгээлде оюн жаратуучу, ага каршы түзүлүүгө аракет кылынган оюндарды үзгүлтүккө учураткан, көйгөйлөр менен кризистердин чечилишинде активдүү роль ойногон өлкө»,-деп айтты.

Алтун Түркиянын Орусия-Украина кризисине мамилесинде аймактык ырааттуулукту жана тынчтыкты сактоо идеясын борборго коюу менен кадамдарын калыптандырганын белгилеп: «Кара деңизде стратегиялык орунга ээ жана НАТОго мүчө болгон Түркия бул кризисте чечүүчү роль ойноду. Өзгөчө дан коридору аркылуу жасалган гуманитардык жардам демилгелери, согуштан улам келип чыккан дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу көйгөйлөрүн жеңилдетүү боюнча Түркиянын лидерлигин көрсөттү. Бул аракеттер Түркиянын аймактык жана глобалдык маселелерге активдүү мамиле кылганын айгинелеп турат.

Глобалдык тынчтыкка активдүү салым кошуусу күтүлгөн эки өлкө катары Түркия-Австрия карым-катнаштарынын келечекте дагы да бекемделе берерине толук ишенебиз. Түркия тынчтык, ырааттуулук жана кызматташтыктын күчтүү жактоочусу катары жолун улантат жана ташталган ар бир кадамы менен өлкөбүз үчүн да, дүйнө үчүн дагы жакшы келечектин курулушуна салым кошот. 100 жылга созулган достугубуз жана кызматташтыгыбыз келечекте дагы арта берет деп ишенем»,-деп жазды.



Тектеш кабарлар