Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Улуттук коргоо министрлиги билдирүү жасады.

2095125
Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» жана «Тынчтык булагы» аймагында аныкталган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө эки террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Түрк куралдуу күчтөрүбүз, Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» жана «Тынчтык булагы» аймактарында аныктаган 2 ПКК/ЙПГ террористин кыянаттык максаттарына жете электе жок кылды. Операцияларыбыз акыркы террорист жок кылынганга чейин уланат»,- деген сөздөр камтылды.

Улуттук коргоо министрлиги болсо Ирактын түндүгүндөгү Метина аймагында аныкталган ПККга мүчө 3 террористтин таасирсиз кылынганын билдирди.



Тектеш кабарлар