Хакан Фидан Болгарияда

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Албаниядагы расмий жолугушууларынан кийин Болгарияга барды.

2094854
Хакан Фидан Болгарияда

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Албаниядагы расмий жолугушууларынан кийин Болгарияга барды.

Хакан Фидан Софияда оболу Укук жана Эркиндик кыймылы партиясынын төрагалыгын тапшыруу алдында турган Мустафа Карадайы жана партиянын тең төрагалыгына талапкер Жевдет Чакыров, Делян Пеевский менен жолугушту. 

Расмий сапардын алкагында Хакан Фидан вице-премьер-министр жана тышкы иштер министри Мария Габриэль  ошондой эле президент Румен Радев жана премьер-министр Николай Денков менен жолугушат.

Министр Фидан Болгариядагы жолугушууларын аяктагандан кийин  шаршемби күнү расмий сапар менен Румынияга барат.

Сапарда эки тараптуу карым-катнаштар менен катар учурдагы аймактык жана глобалдык абалдар да талкууланат.



Тектеш кабарлар