Алтун: «Газада кыргындарын уланткан Израилдин кара пропагандасына каршы күрөшүп жатабыз»

Алтун Коммуникация башкармалыгынын 2023-2024-жылдарга баа берүү жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Израилдин Газа тилкесине карай кол салууларындагы жалган маалыматка токтолду.

2095337
Алтун: «Газада кыргындарын уланткан Израилдин кара пропагандасына каршы күрөшүп жатабыз»

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Газада кыргындарын уланткан Израилдин кара пропагандасына каршы күрөшүп жаткандарын айтты.

Алтун Коммуникация башкармалыгынын 2023-2024-жылдарга баа берүү жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Израилдин Газа тилкесине карай кол салууларындагы жалган маалыматка токтолду.

Израилдин 7-октябрдан бери Газадагы адамкерчиликсиз аракеттеринде дезинформациянын таасирдүү кара пропаганда куралы катары колдонулушуна күбө болгондорун белгилеген Алтун сөзүн улап: «Газадагы кыргынга жана трагедияга каршы «токто» деп айтуу үчүн, Израилдин бул жагдайда колдонгон кара пропаганда жана жалган маалымат ыкмаларын Коммуникация башкармалыгы катары бир-бирден ачыкка чыгардык, мындан ары да ачыкка чыгарууну улантабыз. Канкорлор өздөрүнүн кандуу жоруктарын жаап-жашыруу үчүн кандай ыкмаларды колдонушпасын, биз аларды дүйнөлүк  коомдук пикирдин назарына ачык-айкын жеткиребиз. Ушул алкакта Коммуникация башкармалыгы катары 7-октябрдан бери Газадагы согуштун фактыларын дүйнөгө жарыялоо үчүн активдүү күрөш жүргүзүп жатабыз. Бул күрөштүн алкагында биз аймактагы басма сөз өкүлдөрүн координациялап, Израилдин адамзатка каршы кылмыштарын улуттук жана эл аралык коомчулукка жарыялайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар