Түрк илимий делегациясы Антарктидага 8-жолу баратат

Стамбул аэропортунан Түрк аба жолдорунун учагы менен 20 кишилик илимий делегация жана 3 лицей окуучусунан турган топ алгач Бразилиянын Сан-Паулу шаарына барат жана узак сапардан кийин Антарктиданын Король Жорж аралына жетет.

2094352
Түрк илимий делегациясы Антарктидага 8-жолу баратат

Президенттиктин жетекчилигинде, Өнөр жай жана технология министрлигинин жоопкерчилигинде жана Түркиянын Илимий жана технологиялык изилдөө кеңешинин координациясында (TÜBİTAK) Мармара изилдөө борборунун «8-Улуттук Антарктика илим экспедициясын» ишке ашыра турган делегация (МАМ) Полярдык изилдөө институту, Стамбулдан жолго чыкты.

Стамбул аэропортунан Түрк аба жолдорунун учагы менен 20 кишилик илимий делегация жана 3 лицей окуучусунан турган топ алгач Бразилиянын Сан-Паулу шаарына барат жана узак сапардан кийин Антарктиданын Король Жорж аралына жетет.

TÜBİTAK MAM Полярдык изилдөө институтунун директору жана 8-Улуттук Антарктика илимий экспедициясынын координатору, профессор доктор Буржу Өзсой аэропорттон учуп кетер алдында жасаган билдирүүсүндө, команданын экспедицияга даяр экенин айтты.

Өзсой команданын курамында илимий изилдөө жүргүзүү үчүн ар кайсы мекемеде иштеген адамдар бар экенин айтты.

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр өзүнүн социалдык медиа аккаунтунда мындай деди: «Окумуштууларыбыз кайрадан Антарктидага жол тартышты. Илимпоздорубуз жана изилдөөчүлөрүбүз 8-Улуттук Антарктика илимий экспедициясына катышуу үчүн Стамбулдан жолго чыгышты. Экспедицияга 20сы түрк, 4ү чет элдик болгон 24 илимпоз 22 түрдүү долбоорлор боюнча изилдөө жүргүзүшөт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар