Калындын Эрбилдеги жолугушуулары...

Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) төрагасы Ибрахим Калын Ирактын Эрбил шаарында бир катар жолугушууларды өткөрдү.

2094415
Калындын Эрбилдеги жолугушуулары...

Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) төрагасы Ибрахим Калын, Ирак Түркмөн фронтунун (ИТФ) төрагасы Хасан Туран жана ИТФнын Киркүк өкүлү Эршат Салихи менен жолугушту.

Ирактын Эрбил шаарына барган Ибрахим Калын бул жерде айрыкча Ирактын Күртстан Демократиялык партиясынын (ИКДП) президенти Месут Барзани жана Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) премьер-министри Месрур Барзани менен да жолугушту.

Жолугушууларда аймактагы болуп жаткан окуялар, эки тараптуу карым-катнаштар, жикчил ПКК террору менен эффективдүү күрөш сүйлөшүлүп, Түркиянын террор менен күрөшүүдөгү чечкиндүүлүгү маектешкендерге ачык түрдө баса белгиленди.

Калын өткөн жумада Иракка жасаган сапарында да Ирактын президенти Абдуллатиф Рашид жана Ирактын премьер-министри Мухаммед Шийа аль-Судани, шиит жана сунни топтору ошондой эле түркмөн өкүлдөрү менен жолугушкан.



Тектеш кабарлар