АКШнын Түркияга Ф - 16ларды сатышы

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаменти Түркияга 40 Ф - 16 аскердик учагынын сатылышы жана учурдагы Ф - 16 учактарынын жаңыланышына байланыштуу Конгресске расмий билдирүү жасады.

2094146
АКШнын Түркияга Ф - 16ларды сатышы

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаменти Түркияга 40 Ф - 16 аскердик  учагынын сатылышы жана учурдагы Ф - 16 учактарынын жаңыланышына байланыштуу Конгресске расмий билдирүү жасады.

АКШнын Коргонуу коопсуздук кызматташтык агенттигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, АКШнын мамлекеттик департаментинин Түркияга 40 Ф - 16 Block 70 аскердик учагы жана 79 Ф - 16 модернизация комплектинин сатылышын бекиткен расмий билдирүүнү Конгресске жибергени белгиленди.

Билдирүүдө : "Мамлекеттик департамент Түркия Республикасына 23 миллиард долларлык  Ф  - 16  алуу жана модернизациясы, тийиштүү жабдыктардын сатышын бекиткен чечимин чыгарды",- деп айтылды жана Коргонуу коопсуздук  кызматташтык агенттигинин тийиштүү  сертификатты бүгүн Конгресске жибергендиги белгиленди.

Түркияга Ф  - 16лардын сатылышынын НАТОнун коопсуздук жана туруктуулугу жактан маанилүү экендиги баса белгиленген билдирүүдө Анкарага  жаңы 40 Ф  - 16  аскердик учагы менен 79 Ф - 16 модернизациялоо комплекти менен тиешелүү жабдыктардын бериле турганы белгиленди.

Курал сатуунун ишке ашырылышы үчүн АКШ администрациясы тарабынан берилген сатуу билдирүүсүнө Конгресс тарабынан эч кандай каршылык болбошу керек.

Мындан тышкары чет өлкөлөргө курал сатууну көзөмөлдөө милдетин алган Сенаттын тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Бен Кардин да Түркияга Ф - 16лардын сатылышына макулдук берерин жарыялады.

Ошол эле сааттарда темага байланыштуу билдирүү жасаган Өкүлдөр палатасынын тышкы иштер комитетинин төрагасы Майкл МакКол да  Швециянын НАТОго мүчөлүгүн Анкара тарабынан жактырылуусуна ыраазы болгонун жана  Түркияга  Ф -16лардын сатылышына уруксат беришерин  билдирди. 

АКШ Конгрессинин сатууну карап чыгуу үчүн  15 күндүк мыйзамдуу мөөнөтү бар жана бул мөөнөттүн ичинде каршылык болбосо, сатуу расмий түрдө ишке ашат.

Тиешелүү мыйзамга ылайык, сөз болуп жаткан мөөнөт НАТОго мүчө өлкөлөр үчүн 15 күн, НАТОго кирбеген өлкөлөр үчүн 30 күн.

Сенаттын Эл аралык байланыштар боюнча комитети жана Өкүлдөр палатасынын тышкы иштер боюнча комитети чет мамлекеттерге курал сатууга баа берүү жана эгер бар болсо каршы чыгуу укугуна ээ.

Түркия АКШдан 40 жаңы Ф - 16 Block 70 аскердик  учагы жана инвентарындагы 79 учак үчүн модернизация комплекттерин талап кылган.

Өткөн жылы Конгресстин  мүчөлөрүнүн Ф  - 16лардын сатылышын шартка   АКШнын Коргоо министрлигинин бюджетинин мыйзам долбоорунан F-16ларды сатууну караган кошумча беренелер АКШнын Коргоо министрлигинин бюджеттик долбоорунан алынып салынган.



Тектеш кабарлар