Столтенберг Эрдоганга ыраазычылык билдирди

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг президент Режеп Таййип Эрдоганга Швециянын НАТОго кошулуу протоколуна байланыштуу президенттик чечими үчүн ыраазычылык билдирди.

2093936
Столтенберг Эрдоганга ыраазычылык билдирди

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг президент Режеп Таййип Эрдоганга Швециянын НАТОго кошулуу протоколуна байланыштуу президенттик чечими үчүн ыраазычылык билдирди. 

Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Черногориянын премьер - министри Миложко Спачич менен жолугушуусунан кийин өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында Швециянын кошулушу НАТОну күчтөндүрө турганын баса белгиледи.

 Швециянын  мүчөлүгүнүн Түркия Улуу Улуттук Парламентинин  Жалпы кеңешинде кабыл алынышын "ыраазычылык менен" кабыл алгандыгын  белгилеген Столтенберг : "Президент Эрдоганга да ылдам кол койгону үчүн ыракмат айтам",- деди. 

Столтенберг Венгиянын премьер  - министри Виктор Орбан жана өкмөтүнүн Швециянын НАТОго кошулушуна байланыштуу колдоо билдирүүсүн да  ыраазычылык менен кабыл алгандыгын айтып : "Венгрия парламенти чогулары менен Венгриянын (Швециянын мүчөлүгүнө) бекитүүсүн  чыдамсыздык менен күтүп жатам",- деп баа берди. 

Венгрия парламентинин февраль айынын аягында кайрадан чогула турганын билдирген баш катчы, Швециянын мүчөлүгү үчүн бул күндү күтүү керектигин айтты.

Черногориянын премьер - министри Спачич да Швециянын мүмкүн болушунча тезирээк НАТОго мүчө болушун каалагандарын жана бул процессте Түркия менен Венгриядан келген «жакшы кабарды» кубануу менен кабыл алгандарын айтты.

швециянын НАТО мүчөлүгү үчүн Венгрия парламентинен да уруксат алышы керек. 

 



Тектеш кабарлар