Хакан Фидан - Дэвид Кэмерон жолугушуусу

Тышкы иштер министрлигинин Стамбул өкүлчүлүгүндө болгон жолугушууда Газа баш болгон аймактык маселелер жана эки тараптуу карым - катнаштар каралды.

2093911
Хакан Фидан  -  Дэвид Кэмерон жолугушуусу

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтык үчүн Газада ылдамдык менен толук ок атышпоонун түзүлүшү жана эки мамлекеттүү чечүүчү жолдун турмушка ашырылышы керектигин баса белгиледи. 

 

Министр Фидан Стамбулда Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин Стамбул өкүлчүлүгүндө болгон жолугушууда Газа баш болгон аймактык маселелер жана эки тараптуу карым - катнаштар каралды.

 

Фидан менен Кэмерон жекеме - жеке жолугушкандан кийин иш алып баруу тамагы форматында делегациялар аралык жолугушууга өтүштү.

Тышкы иштер министри Фидан Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтык үчүн Газада ылдам түрдө толук ок атышпоонун түзүлүшү жана эки мамлекеттүү чечүүчү жолдун ишке ашырылышы керектигин баса белгилеген жолугушууда НАТОнун негизинде союздаштык карым  - катнаштарына да токтолушту.

Кэмерон да президент Режеп Таййип Эрдогандын Швециянын НАТОго кошулуу протоколуна байланыштуу президенттин чечимине кол коюусунан жана тиешелүү протоколду бекитүүсүнөн ыраазы болгондугун билдирди.

Кара деңиздин коопсуздугунун мааниси да   сөз болгон жолугушууда эки министр Түркия менен  Британиянын ортосундагы соода, экономика жана коргонуу өнөр жайы баш болгон бардык тармактарда эки тараптуу карым – катнаштарды күчтөндүрүү чечкиндүүлүгүн ырасташты.

 



Тектеш кабарлар