Эрдоган НАТОнун кошулуу протоколун бекитти

Швеция королдугунун Түндүк Атлантика Келишимине кошулушуна байланыштуу протоколдун бекитилишине байланыштуу чечим Расмий гезитте да жарыяланды.

2093582
Эрдоган НАТОнун кошулуу протоколун бекитти

Президент Режеп Таййип Эрдоган Швециянын НАТОго кошулуу протоколуна байланыштуу Президенттик чечимине кол коюп тийиштүү протоколду бекитти. 

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен берилген маалыматта : "Президентибиз, урматтуу Режеп Таййип Эрдоган Швециянын Түндүк Атлантика Келишимине кошулушуна байланыштуу Түркия Улуу Улуттук Парламенти тарабынан кабыл алынган мыйзамдын  жарыяланышына чечим чыгарды жана Швециянын НАТОго кошулуу протоколуна байланыштуу Президенттик Чечимге кол коюп тийиштүү протоколду бекитти",- деп айтылды. 

Швеция королдугунун Түндүк Атлантика Келишимине кошулушуна байланыштуу  чечим Расмий гезитте да жарыяланды. 

 



Тектеш кабарлар