Астанада сүйлөшүүлөр аяктады

Түркиянын өкүлү Йылдыз Казакстанда  кечээ башталган жана бүгүн жалпы жыйын менен аяктаган 21-Сирия боюнча Астана сүйлөшүүлөрү тууралуу журналисттерге баа берди.

2093504
Астанада сүйлөшүүлөр аяктады

Тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Йылдыз Түркия, Россия жана Ирандын кепилдиги менен Казакстандын борбор шаары Астанада өткөрүлгөн Астана форматындагы 21 - Сирия сүйлөшүүлөрүндө террор менен күрөшүүдө орток чечкиндүүлүккө басым жасалганын айтты.

Түркиянын өкүлү Йылдыз Казакстанда  кечээ башталган жана бүгүн жалпы жыйын менен аяктаган 21 - Сирия боюнча Астана сүйлөшүүлөрү тууралуу журналисттерге баа берди.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги максатынын Сирия кризисинин чечилишинде саясий процессти алдыга жылдыруу экенин белгилеген Йылдыз : «Түрк тарап катары азыр Конституциялык комитеттин ишин баштоону жана тездетүүнү сунуш кылдык»,-деди. 

Йылдыз бул тууралуу Астана кепилдиктеринин бул темада шериктеш экендиктерие көңүл буруп : «Бул комитеттин иши жер тууралуу  макулдашылганда башталат»,-деди. 

Йылдыз, делегациялар ортосундагы жыйындарда  Израилдин Палестинага жана коңшу өлкөлөргө кол салууларынын Сирия талаасында болушу мүмкүн болгон кесепеттеринен тынчсыздангандарын билдирди.

Йылдыз Сирияга гуманитардык жардамдардын үзүлбөшү керектигин баса белгилегендерин айтты. 

Кийинки сүйлөшүүлөрдү да Астанада өткөрө тургандарын белгилеген Йылдыз сүйлөшүүлөрдө Астана форматындагы лидерлер саммитинин бул жылдын ичинде өткөрүлүшү тууралуу макулдашкандарын сөздөрүнө кошту. 

 



Тектеш кабарлар