Президент Эрдоган бүгүн элчилерди кабыл алат

Төрт өлкөнүн жаңы Анкара элчиси ишеним грамоталарын тапшырышат.

2092294
Президент Эрдоган бүгүн элчилерди кабыл алат

Президент Эрдогандын программасынын алкагында төрт  өлкөнүн жаңы Анкара элчилери ишеним грамоталарын тапшырышат.

Бештепедеги биринчи азем саат 14.00дө башталат. Салтанатта Австриянын элчиси президент Эрдоганга ишеним катын тапшырат.

Андан кийин кезеги менен Тунис, Сингапур жана Португалия элчилери Эрдоганга ишеним грамоталарын тапшырышат.

Аземдерден кийин элчилер расмий түрдө Түркиядагы кызматтарына киришет.

 



Тектеш кабарлар