Яшар Гүлер: «Коргоо өнөр жайындагы кадамдар уланат»

Яшар Гүлер Коньяда коргоо өнөр жайында ташталган кадамдарга баа берди.

2091949
Яшар Гүлер: «Коргоо өнөр жайындагы кадамдар уланат»

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, Түркиянын ата мекендик курал өндүрүшүндөгү инвестициясы менен дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн арасында атын чыгарганын айтты.

Яшар Гүлер Коньяда коргоо өнөр жайында ташталган кадамдарга баа берди.

Коргоо тармагында ташталган кадамдардын Түркияны башка өлкөлөрдүн арасында өзгөчөлөндүргөнүн баса белгилеген Гүлер: «Үч күн мурун да ички жана улуттук ресурстар менен өндүрүлгөн кемелер менен капитансыз деңиз унааларын баатыр армиябыздын инвентаризациясына киргиздик. Түркия кылымынын максаттарына ылайык бир гана кургактык, деңиз жана аба платформаларында эмес, кибер жана космостук тармактарда да маанилүү долбоорлорду баштадык»,-деди.

Ата мекендик жана улуттук курал өндүрүшүндөгү иш-аракеттердин басаңдабастан улана турганын билдирген министр Гүлер: «Улуттук Коргоо министрлиги катары өлкөбүздүн жана улутубуздун бакубатчылыгы менен бирге ички жана улуттук коргоо өнөр жайыбыздын өнүгүшү үчүн күнү-түнү иштөөнү улантып, дагы чоң, дагы да күчтүү Түркия үчүн аракет кылабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар