Эрдоган-Мелони жолугушуусу Италиянын басма сөзүндө...

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Италиянын премьер-министри Жоржия Мелонини Стамбулдагы кабыл алуусу Италия басма сөзүндө кеңири орун алды.

2091970
Эрдоган-Мелони жолугушуусу Италиянын басма сөзүндө...

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Италиянын премьер-министри Жоржия Мелонини Стамбулдагы кабыл алуусу Италия басма сөзүндө кеңири орун алды.

«Ла Стампа» гезити кечээки жолугушууну баш макала катары жазды.

НАТО боюнча эки маанилүү союздаштын жолугушуусунда; Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу, Ливиядагы окуялар жана Орусия-Украина согушу талкууланганын жазды.

Кабарда президент Эрдогандын дипломатиядагы активдүү ролуна көңүл бурулуп, дан келишиминдеги негизги ролу жана ортомчулуктагы ийгилиги баса белгиленди.

Il Messaggero гезити «Премьер-министр Стамбулда: карым-катнаштар күчөнүүдө» деген баш сөздү тартуулады.

Анда эки өлкөнүн соода кызматташтыгы, Израилдин кол салуулары жана Орусия-Украина согушу чагылдырылган.

2030-жылга чейин эки тараптуу соода көлөмүн 25 миллиард евродон 30 миллиард еврого жеткирүү максатталганы белгиленди.

Италиянын премьер-министри Мелонинин дан келишиминдеги ролу үчүн президент Эрдоганга дагы бир жолу ыраазычылык билдиргени баса белгиленди.

Corriere della Sera гезити да : «Италия биринчи расмий сапарын Чоң жетиликтин төрагалыгы учурунда дос өлкө Түркияга жасады» деген теманы койду.

Макалада эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнө көңүл бурулуп, Түркия менен Италиянын кызматташтыгын улантууну максат кылганы белгиленди.

Италиянын премьер-министри Мелонинин Орусия-Украина согушундагы дипломатиялык ролу үчүн Эрдоганга ыраазычылык билдирүүсү бул гезиттин макаласында кеңири орун алды.



Тектеш кабарлар