Хакан Фидан Кувейттин тышкы иштер министри менен сүйлөштү

Фидан тышкы иштер министрлиги кызматына дайындалышынан улам Яхяны кутутктап, жакшы тилектерин билдирип,  1 - 3 -  мартта боло турган Анталья дипломатия форумуна чакырды.

2091149
Хакан Фидан Кувейттин тышкы иштер министри менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Кувейттин тышкы иштер министри Абдуллах Али Яхя менен сүйлөштү. 

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда министр Фидан Кувейттин тышкы иштер министри Яхя менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. 

Фидан тышкы иштер министрлиги кызматына дайындалышынан улам Яхяны куттуктап, жакшы тилектерин билдирип,  1 - 3 -  мартта боло турган Анталья дипломатия форумуна чакырды. 

Түркия жана Кувейттин ортосундагы достук жана боордоштукка көңүл бурган министр Фидан жана Яхя өзгөчө эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштарды дагы да бекемдөө чечкиндүүлүктөрүн такташты. 

 



Тектеш кабарлар