Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер террор менен күрөшүүгө байланыштуу маалымат берди

Гүлер: «Акыркы террорист жок кылынмайынча күрөшүбүздү улантабыз».

2089446
Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер террор менен күрөшүүгө байланыштуу маалымат берди

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, база аймактарында коопсуздук чараларынын күчөтүлгөнүн айтты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Жалпы Кеңешинде террор менен күрөшүүгө байланыштуу маалымат берген Яшар Гүлер, Түрк Куралдуу күчтөрүнүн 2019-жылы Ирактын түндүгүндө баштаган чеңгел операцияларынын, жикчил террордук уюм ПККнын кол салууларынын алдын алууда маанилүү ийгиликтерге жетишүүнү камсыздаганын билдирди.

"Армия ал жакта эмне кылып жүрөт?" сыяктуу суроолор берилип жатканын белгилеген Гүлер: «(Чеңгел операциялары) Азыр биз ал жерде болбогондо уюмдун чек араларыбызга кол салуулары мурдагыдай уланмак»,- деди.

Учурда өлкөнүн ичинен бир дагы шейит кабары келбегенин, база аймактарына бир дагы кол салуу катталбаганын маалымдаган Гүлер: «Бул да терроризмди өз булагында жок кылуу боюнча стратегиябыздын ийгилигин көрсөтүп турат»,-деди.

Яшар Гүлер аймактагы базалардын коопсуздук чараларын тынымсыз арттырып жатышкандарын белгилеп: «Ким колдоо көрсөтсө дагы, кандай шылтоо же себеби кандай болсо дагы түштүк чек араларыбызда террордук коридордун түзүлүүсүнө эч качан жол бербейбиз. Өлкөбүздүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык чараларды чечкиндүү түрдө ишке ашырабыз»,- деди.

«Чеңгел» аймагындагы база аймактарында ПКК террористтери тарабынан 3 миң 151 ок атуу жана кирүү аракети болгонун, бул кол салууларга жооп катары Ирактын түндүгүндө 1689 террористтин таасирсиз абалга келтирилгенин айткан Гүлер: «Акыркы террорист жок кылынмайынча күрөшүбүздү улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар