Фидан Радман менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү

Хакан Фидан Хорватиянын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Грлич Радман менен министрликте жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2089430
Фидан Радман менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Кызыл деңиз, Сирия жана Ирактагы окуялардын Газадагы согуш чырмоогунун бара-бара чоңураак бир куюнга айланышынын кабары экенин айтты.

Хакан Фидан Хорватиянын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Грлич Радман менен министрликте жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Министр Фидан Газада 24 миңден ашуун палестиналыктын кыргынга учурагандыгын жана мунун эл аралык коомчулуктун көз алдында болгонун эске салды.

Процесстин башында «же чоң согуш болот, же андан да чоң тынчтык болот» деп айтканын эске салган Фидан, кээ бир өлкөлөрдүн муну согуш чөйрөсүнө алып баруудан тартынбаганын, Түркиянын жана башка достордун жасаган кызуу иштеринин натыйжасында тынчтык тилин түзүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.

Фидан бул кризистин эки мамлекеттүү чечим менен бүтүшүнүн маанилүү деген пикиринин дээрлик бардыгы тарабынан кабыл алынганын белгилеген: «Биз эки эл үчүн тең коопсуздук жана бирдей эгемендүүлүк болмоюнча, палестиналыктар менен израилдиктер үчүн бул маселени чечүү мүмкүн болбой турганын, туруктуу тынчтык жана коопсуздук болбой турганын тиешелүү коомдордо жана чөйрөлөрдө көп жолу билдиргенбиз. Израилдин гана коопсуздугун, позицияларын жана кызыкчылыктарын биринчи орунга койгон, палестиналыктардын коопсуздугун жана эгемендигин кийинкиге калтырган мамилелердин тынчтыкка алып келбей турганын, узак мөөнөттүү келечекте туруктуу кризистик аймакта болобуз деген көз карашты четке каккан эч ким жок», - деп өз баасын берди.

Согушка байланыштуу олуттуу коркунучтар бар экенине көңүл бурган Фидан: ««Газадагы кыргын уланып жатканда, биз анын регионго жайылуу коркунучун көп айттык.Бардыгы аймактык кеңейүүнүн Ливандан башталышын күтүп жатышканда, бул окуя башка жерлерден чыкты. Учурда Кызыл деңизде болуп жаткан окуялар, Иракта болуп жаткан окуялар, Сирияда болуп жаткан окуялар, бул сыяктуу кол салуулар жана өз ара позициялар Газада башталган согуш чырмоогунун бара-бара чоңураак куюнга айланып кетишин алдын ала көрсөтүп жатканын көрүү жаңылыштык болбошу керек. Биз тынчтык үчүн ишибизди толук ылдамдыкта улантабыз жана  Израилдин эл аралык коомчулукта кылган кыргындары үчүн саясий жана соттук жактан зарыл болгон жооп берүүсү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз».



Тектеш кабарлар