Улуттук чалгындоо уюму Сирияда операция жүргүздү

Улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) башкармалыгы Сириядагы жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга таандык маанилүү инфраструктура объектилери, көзөмөл-өткөрүү пункттары жана аскердик пункттар делген 23 бутаны жок кылды.

2088519

Иракта коопсуздук күчтөрүнө кол салуу богондон кийин MİT Сириядагы жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын көзөмөлүндөгү аскердик, чалгындоо, энергетика/инфраструктура объектилери жана ок-дарылар сыяктуу стратегиялык буталарды жана уюмдагы жооптуу деңгээлде  иш алып барган адамдарды бутага алды.

MİT операциясы менен Сириядагы жикчил террордук уюмга таандык жалпы 5 маанилүү инфраструктура объектиси, 3 көзөмөл пункту, 8 аскердик пункт, 2 ок-дары кампасы, 2 логистикалык кампа, 2 техникалык унаа кампасы жана 1 туннель /жайгаштыруу иштеринде колдонулган бир унаа менен кошо 23 бута жок кылынды.

Тектеш кабарлар