Түркия Израилге жооп кайтарды
Өнжү Кечели Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Катцтын социалдык медиа эсебинен берген армян геноциди тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.
Түркия Израилдин тышкы иштер министринин "Армян геноцидине" жооп берди.
Тышкы иштер министрлигинин катчысы Өнжү Кечели Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Катцтын армян геноциди дооматына байланыштуу : "Израиль өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн көңүлдөрдү башка жакка буруу аракеттеринен жыйынтык чыкпайт",- деди.
Өнжү Кечели Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Катцтын социалдык медиа эсебинен берген армян геноциди тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.
Кечели Газадагы апааттын чыныгы себеби Израилдин оккупациясы, Израилдин экспансионисттик аң-сезими жана адам укуктарын, эл аралык укукту, моралдык принциптерди толугу менен көрмөксөнгө салган кыймылдары экендигин белгилеп : "Израилдин жасаган согуштук кылмыштарынын геноцид деңгээлине жеткендиги тууралуу кабарлардан тынчсызданып жана Эл аралык адилеттик сотто уланып жаткан, Израилдин 1948 - жылдагы геноцид келишимин бузгандыгына байланыштуу ырастоолор каралган доону жакындан изилдеп жатабыз. Израиль өкөмтүнүн мүчөлөрүнүн көңүлдөрдү жасаган кылмыштардан башка жакка буруу аракеттеринен жыйынтык чыкпайт",- деди.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.