Азербайжан Түркияга көңүл айтты

Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов улуттук коргоо министри Яшар Гүлерге көңүл айтуу  билдирүүсүн жиберди.

2088214
Азербайжан Түркияга көңүл айтты

Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел  -  Кулпу операциясы"  аймагында террористтер менен чыккан кагылышууда шейит болгон аскерлер үчүн улуттук коргоо министри Яшар Гүлерге көңүл айтуу  билдирүүсүн жиберди. 

Хасанов министр Гүлерге жиберген көңүл айтуу билдирүүсүндө жикчил террордук уюму тарабынан жасалган кол салууда түрк куралдуу күчтөрүнүн аскердик кызматкерлеринин шейит болушунан жана жаралануусунан тынчсыздангандыгын белгиледи. 

Түркиянын кайгысы өздөрүнүн кайгысы экендигин белгилеген Хасанов : "Террордун бардык түрүн катуу айыптайбыз. Террор менен күрөшүүдө ар дайым боордош түрк куралдуу күчтөрүнүн жанындабыз жана колдойбуз",- деди. 

Министр Хасанов билдирүүсүндө шейит аскерлерге Аллахтын ырайымын тилеп, жаралуу аскерлердин бат айыгып кетишин каалады. 

 



Тектеш кабарлар