НАТОнун Косово Тынчтык Күчү Миссиясынын  командири Сербиянын башкы штабынын төрагасы менен жолугушту

НАТОнун Косово Тынчтык Күчү Миссиясынын  командири Өзкан Улуташ Белградда Сербиянын куралдуу күчтөрүнү башкы штабынын төрагасы, армиянын генералы Милан Мойсиловичти Белградда зыярат кылды.

2088087
НАТОнун Косово Тынчтык Күчү Миссиясынын  командири Сербиянын башкы штабынын төрагасы менен жолугушту

НАТОнун Косово Тынчтык Күчү Миссиясынын  командири Өзкан Улуташ Белградда Сербиянын куралдуу күчтөрүнү башкы штабынын төрагасы, армиянын генералы Милан Мойсилович менен Белградда жолугушту. 

Косово Тынчтык Күчү Миссиясынын билдирүүсүнө караганда бул сапарда Косоваодогу коопсуздук абал талкууланды. 

Билдирүүдө : "Жыйын учурунда Косоводогу  коопсуздук абалы тууралуу пикир алыштык жана жакын кызматташуунун улантылышы тууралуу макулдашылды",- деп айтылды. 

Өзгөчө командир Улуташтын Косово Тынчтык Күчү Миссиясынын  аймактык туруктуулуктун   ачкычы катары көргөн мандатын ишке ашырууга көңүл бурууну улантып жатканын айтканы да жарыяланды.

Билдирүүдө Улаштын Косово Тынчтык Күчү Миссиясынын ар дайым болгондой эле Косоводо  жашаган бардык адамдар үчүн тынчтыкчыл жана ишенимдүү бир чөйрөнү түзүү миссиясын тарапсыз орундатууну уланта тургандыгын кайталагандыгы, БУУ Коопсуздук кеңешинин  1999 - жыл жана  1244 чечимине таяган   эрежелерге ылайык кыймыл эркиндигинин камсыздала турганын баса белгилеп, мунун аймактык ырааттуулук ачкычынын ушул экендигин айтканы белгиленди. 



Тектеш кабарлар