Газалык бейтаптар Анкарага алып келинди
Израилдин кол салууларынан улам Газа тилкесинен эвакуацияланган 85 жаралуу жана бейтап менен коштоочулары аскердик учактар менен борбор шаар Анкарага алып келинди.
2087733
Израилдин кол салууларынан улам Газа тилкесинен эвакуацияланган 85 жаралуу жана бейтап менен коштоочулары аскердик учактар менен борбор шаар Анкарага алып келинди.
Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө 7 - эвакуация менен газалык 85 бейтап жана жаралуу менен 106 коштоочунун алып келингендигин жарыялады.
Бейтаптардын дарылануусу түрдүү ооруканаларда болорун белгилеген Кожа билдирүүсүндө : "Бул адамзаттык жоопкерчиликти элибиздин атынан аткарып жатабыз. Саламаттык сактоо системасы кыйраган Газа үчүн аракеттерибиз уланат",- деди.