Түркия, Пакистан жана Сауд Арабия коргонуу кызматташтыгын бекемдөөдө

Пакистандын Равалпинди шаарында өткөрүлгөн жолугушууда тараптар бул темада макулдашты.

2086641
Түркия, Пакистан жана Сауд Арабия коргонуу кызматташтыгын бекемдөөдө

Пакистан, Түркия жана Сауд Арабия жаңы коргонуу технологияларын өнүктүрүүдө дагы тыгыз кызматташууну каалашат.

Пакистандын Равалпинди шаарында өткөрүлгөн жолугушууда тараптар бул темада макулдашты.

Пакистан, Түркия жана Сауд Арабия коргоо тармагында кызматташтыкты арттыруу боюнча макулдашышты. Пакистандын аскердик басма сөз кызматынын (ISPR) билдирүүсүндө, шейшемби күнү үч өлкөнүн аскерий өкүлдөрүнүн Пакистандын Равалпинди шаарында жолугушкандары айтылды. Билдирүүгө караганда, үч тараптуу коргонуу кызматташтык платформасынын экинчи жыйынында коргонуу технологияларын өнүктүрүү боюнча мүмкүн болуучу кызматташтыкка басым жасалды.

Билдирүүдө бардык тараптардын «интеллектуалдык, техникалык, каржылык жана адамдык ресурстарды бириктирүүнүн» маанилүүлүгүн баса белгилеп, мунун «жалпы максаттарга» жетүү жана «коргоо секторунда көз карандысыздыкка» ээ болуу үчүн зарыл экенин билдиргендери маалымдалды.

Билдирүүдө үч өлкөнүн ортосундагы «бир туугандык мамилелер» да ырасталып, кызматташтыктын ылдамдыгын жогорулатуу зарылчылыгы тууралуу келишимге басым жасалды.

Платформанын үчүнчү жыйынынын келерки айда Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядда өтө турган Дүйнөлүк коргонуу жарманкесинде өткөрүлүшү пландалууда.

Үч өлкөнүн биринчи жыйыны да август айында Эр-Риядда өткөн.



Тектеш кабарлар