Президент Садыр Жапаров Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фиданды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Хакан Фиданды кабыл алды.

2086511
Президент Садыр Жапаров Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фиданды кабыл алды
Hakan Fidan Kırgızistan'da 6.jpg
Hakan Fidan Kırgızistan'da, Sadır Caparov 7 .jpg
Hakan Fidan Kırgızistan'da, Sadır Caparov 8 .jpg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-январда, Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Хакан Фиданды кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун өнүгүүсүнүн оң динамикасын канааттануу менен белгиледи.

Ошону менен бирге тараптар Түркия Президенти Режеп Таййип Эрдогандын Кыргызстанга пландалып жаткан сапарын, ошондой эле анын алкагында эки тараптуу стратегиялык кызматташуунун Жогорку кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүүнү талкуулашты.

Соода-экономикалык кызматташтык тууралуу айтып жатып, Мамлекет башчысы Анкара шаарында өтө турган кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын экономикалык күн тартибин алдыга жылдыруу боюнча жыйынынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги жана көп тараптуу өз ара аракеттенүү, анын ичинде саламаттыкты сактоо, энергетика жана каржы сектору, ошондой эле аймактык коопсуздук жаатындагы бир катар башка маселелерди талкуулашты.

Өз кезегинде Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровго меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, эки өлкө лидерлеринин биргелешкен аракеттери менен акыркы жылдары өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүдө олуттуу натыйжаларга жетишилди.

Жолугушуунун соңунда Мамлекет башчысы Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоганга жылуу саламын жолдоду.

КРнын Президентинин сайты

 



Тектеш кабарлар