Хакан Фидан ирандык кесиптешине көңүл айтты

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Фидан Ирандын тышкы иштер министри Абдуллахиян менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

2084753
Хакан Фидан ирандык кесиптешине көңүл айтты

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Керман шаарында болгон террордук кол салууда каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Фидан Ирандын тышкы иштер министри Абдуллахиян менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Министр Фидан сүйлөшүүдө Ирандын Керман шаарында мурунку күнү болгон террордук кол салууда каза болгондор үчүн көңүл айтты.

АКШнын  2020 -  жылы  3 -  январда Ирактын борбор шаары Багдатта жасаган кол салуусунда каза болгон Иран Төңкөрүш Гвардиясы армиясына караштуу Кудүс күчүнүн мурдагы командири Касым Сүлейманинин  өлүмүнүн  4  - жылында Керман шаарындагы мазарына жакын жерде жасалган террордук кол салууда эки жарылуу болду.

Кол салууда  84 киши каза болуп, 284 киши да жаракат алган.



Тектеш кабарлар