Эрдоган полиция кызматкерлерин дайындоо аземинде сөз сүйлөдү

Президент Эрдоган Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда 6992 полиция кызматка киришкен жана 1573 жаңы унаа ишке берилген аземде сөз сүйлөдү.

2084978
Эрдоган полиция кызматкерлерин дайындоо аземинде сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын коопсуздугу боюнча компромисске барбай тургандары сыяктуу эле анын баалуулуктары менен кызыкчылыктарынын бузулушуна макул болбой тургандарын айтты.

Президент Эрдоган Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда 6992 полиция кызматка киришкен жана 1573 жаңы унаа ишке берилген аземде сөз сүйлөдү.

Жылдар бою террор баш болгон ар кандай сыноолорго дуушар болгондорун баса белгилеген Эрдоган:«Кудайга шүгүр, биз бул кыйынчылыктардын баарын жеңе алдык. Бүгүн биз Стамбулдан баштап мекенибиздин ар бир сантиметрин ар кандай коркутууларга, коркунучтарга, кол салууларга жана тузактарга каршы коргоо үчүн күрөштү улантып жатабыз»,-деди.

Коомдун катмарларынын бөлүнүшүнө жол бербей тургандарын белгилеген Эрдоган:«Өткөндө оңчул-солчул, алеви-сунни, прогрессивдүү-реакциячыл, түрк-күрт сыяктуу түшүнүктөр аркылуу жүргүзүлгөн бузукулук саясаты мунун мисалдарынын бири болгон. Эми, ошол эле оюндун бир жагынан ксенофобияга, экинчи жагынан өлкөбүздүн символикасына жана улутубуздун ыйык баалуулуктарына кол салууларды кайра жасоого аракет кылып жатканын көрүп жатабыз. Элибиз мурунку оюндарды майтарылгыс кыраакылыгы менен жок кылганы сыяктуу, бул ыпылас оюнду да Аллахтын уруксаты менен жок кылат»,- деп айтты.

Президент: «Биз алгач 2023-жылга карата максаттарыбыз, эми Түркия кылымы көз карашы менен улутубуздун горизонтторун кеңейтип, тереңдеткендей, баалуулуктарыбызга, цивилизациябыздын жана тарыхыбыздын мурастарына каршы күрөшкөндөрдүн амбицияларын Аллахтын уруксаты менен ишке ашкыс кылып калтырууга чечкиндүүбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар