Түркия Иранда уюштурулган террордук актыларды айыптады

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен жазуу түрүндөгү билдирүү жарыяланды.

2083961
Түркия Иранда уюштурулган террордук актыларды айыптады

Түркия Иранда уюштурулган террордук актыларды айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Кермандагы террордук кыймылдардын натыйжасында көптөгөн каза болгондордун жана жаралангандардын болгонун кайгыруу менен укканыбыз белгиленди.

Билдирүүдө, «Бул ыпылас террордук кол салууну эң катуу айыптайбыз, дос жана боордош Иран элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз, кол салууда каза болгондорго Аллах ырайым кылсын жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз»,делди.

Ирандын Керман провинциясында Төңкөрүш сакчылары армиясынын Кудс күчтөрүнүн мурдагы командири Касем Сулейманинин мүрзөсүнүн жанында болгон эки жардыруудан 95 киши каза болду.



Тектеш кабарлар