Коргоо өнөр жайынын аткаруу комитетинин жыйыны өттү

Бул тууралуу Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматкта орун алды.

2084002
Коргоо өнөр жайынын аткаруу комитетинин жыйыны өттү

Коргоо өнөр жайынын аткаруу комитети президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулду.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Түркиянын коргоо өнөр жайынын жеткен деңгээли, келечектеги максаттары жана маанилүү долбоорлоруна байланыштуу баа берүүлөр жасалган жыйында, аскердик кеме долбоорлорунун алкагында учак конуучу долбоорлоо баскычы, MİLGEM 9-10-11-12-кораблдерди (I класстагы фрегаттарды), деңиздеги патрулдук кемелерди, десанттык кемелердин жаңы түрлөрүн, жаңы муундагы мина аңчылык кемелерин жана улуттук чабуулчу катерлерди куруу боюнча чечимдер кабыл алынды.

Жыйында инвентаризацияга жаңы учкучсуз учуучу аппараттарды (УУА) / куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарды (КУУА) кошуу, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана логистикалык колдоо көрсөтүүгө багытталган долбоорлор талкууланып, чечим кабыл алынды.

Жыйында Түркийе кылымында толук көз карандысыз коргоо өнөр жайы үчүн таштала турган критикалык кадамдар дагы бир жолу баса белгиленип, ушул убакка чейин жасалгандай келечекте да жергиликтүү жана улуттук технологияларды колдонуу менен иш-аракеттер ынтызардуулук жана чечкиндүүлүк менен улантыла турганы айтылды.



Тектеш кабарлар