Эрдоган ирандык кесиптеши Реиси менен телефон аркылуу сүйлөштү

Телефондогу сүйлөшүүдө президент Эрдоган Кермандагы террордук кол салууда каза болгондор үчүн Реисиге көңүл айтты.

2083977
Эрдоган ирандык кесиптеши Реиси менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган ирандык кесиптеши Ибрахим Реиси менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондогу сүйлөшүүдө президент Эрдоган Кермандагы террордук кол салууда каза болгондор үчүн Реисиге көңүл айтты.

Эрдоган жарандарды бутага алган террордук кол салууну айыптаган сүйлөшүүдө Түркиянын террор менен күрөшүүдө Ирандын жанында экенин белгилеп, Иран элине жоготуулары үчүн сабыр тиледи. Сүйлөшүүсүндө президент Эрдоган Иранды террор менен биргелешип күрөшүүгө чакырганын кайталады.

Сүйлөшүүдө ошондой эле Ирандын президенти Ибрахим Реисинин Түркияга болгон бүгүнкү сапарын кийинки күнгө жылдыруу чечими кабыл алынды.

Кечээ Ирандын Керман провинциясында Төңкөрүш сакчылары армиясынын Кудс күчтөрүнүн мурдагы командири Касем Сулейманинин мүрзөсүнө жакын жерде болгон кош террордук кол салууда 95 киши каза болду.

2020-жылдын 3-январында Ирактын борбору Багдадда АКШнын кол салуусунда каза болгон Сулейманинин өлтүрүлүшүнүн 4 жылдыгына карата Иранда эскерүү программалары уюштурулган болчу.



Тектеш кабарлар