Стамбулдагы митинг дүйнөлүк басма сөздө

Стамбулда кечээ нааразылык акциясы өткөрүлдү.

2083098
Стамбулдагы митинг дүйнөлүк басма сөздө

Стамбулда 308 бейөкмөт уюмдун катышуусунда кечээ өткөрүлгөн «Шейиттерибизге Аллахтан ырайым, Палестинага колдоо, Израилге наалат» жүрүштөрү эл аралык басма сөздүн башкы темасында орун алды.

Британиянын Ассошиэйтед Пресс агенттиги кабарында «Түркияда Израилге каршы демонстрацияларга катышкандардын саны көбөйүүдө» деп жазды.

Кабарда ошондой эле «Чеңгел-Кулпу» операциясында шейит болгон 12 аскер үчүн аза күтүлгөнү да белгиленди.

Британиядагы «Middle East Eye» гезити «Жаңы жыл түнү Стамбулда миңдеген адамдар Газада ок атышпоо чакырыгы менен жүрүшкө чыгышты» деген теманы койду.

Британ медиа мекемеси The New Arab болсо «Израилдин Газадагы кыргынына жана түрк аскерлерине карай кол салууга каршылык көрсөтүлдү» деп билдирди.

Катардагы Al Jazaara медиасы да демонстрацияга он миңдеген кишинин катышканына көңүл буруп, интернет баракчасына видеолорду жайгаштырды.

Орусиянын мамлекеттик агенттиги Риа да «Октябрдан бери Стамбул жана Түркиянын башка шаарларында Палестинаны колдоо жүрүштөрү үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө», деди.

Грециянын «Иефимерида» гезити жолугушууну «Түркия: Стамбулда ПКК жана Израиль терроруна каршы массалык демонстрациялар» деген тема менен жарыялады.

«Times of Israel» гезити болсо Газага кол салуулардан улам Стамбулда Израилге каршылык көрсөтүлгөнүн жазды.



Тектеш кабарлар