Фидан жаңы жылдык билдирүүсүн жарыялады

Хакан Фидан X социалдык медиа эсебинен жаңы жылдык билдирүүсүндө Республиканын 100 жылдыгы менен Тышкы иштер министрлигинин пайдубалынын түптөлүшүнүн 500 жылдыгынын артта калганын эске салды.

2082661
Фидан жаңы жылдык билдирүүсүн жарыялады

Тышкы иштер министри Хакан Фидан чындыкты коргоодон эч качан тартынбай тургандарын айтты.

Хакан Фидан X социалдык медиа эсебинен жаңы жылдык билдирүүсүндө Республиканын 100 жылдыгы менен Тышкы иштер министрлигинин пайдубалынын түптөлүшүнүн 500 жылдыгынын артта калганын эске салды.

«Эл аралык система белгисиздиктерге толгон жана глобалдык деңгээлде туруксуздук өкүм сүрүп турган бул мезгилде, президентибиздин жетекчилигинде жүргүзүп жаткан Түркия борбордуу көз карандысыз тышкы саясат, өлкөбүздү эл аралык абалды аныктаган жана критикалык аймактарда таасир жараткан маанилүү акторго айлантты»,-деп айткан Фидан 2024-жылы моралдык баалуулуктарга негизделген рационалдуу жана эффективдүү тышкы саясат улантыларын белгиледи.

Фидан: «Улутубуздан алган күч менен глобалдык адилетсиздиктерге жана жаңылыштыктарга каршы үнүбүздү көтөрүүдөн баш тартпайбыз. Чындыкты коргоодон эч качан тартынбайбыз. Түркия кылымы көз карашыбыздын алкагында карманган көз карандысыз жана улуттук тышкы саясатыбыздын тереңдигин жана өлчөмдөрүн дагы да арттырабыз»,-деп айтып, бул максаттарга умтулуп жаткан министрликтин мүчөлөрүнө жана бүткүл дүйнө жүзү боюнча берилгендик менен иштеген бардык мамлекеттик кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

Фидан өлкөдө жана чет өлкөдө жашаган жарандардын жаңы жылы менен куттуктап, 2024-жылдын Түркия, түрк улуту жана адамзат үчүн куттуу болушун каалады.



Тектеш кабарлар