Эрдоган аскерлерди жаңы жылы менен куттуктады

Улуттук коргоо министрлигинин (УКМ) билдирүүсүнө караганда президент Эрдоган, Килисте жолугушууларды өткөргөн улуттук коргоо министри Яшар Гүлер аркылуу бул жерде кызмат өтөгөн аскерлердин жаңы жылын телефон аркылуу куттуктады.

2082633
Эрдоган аскерлерди жаңы жылы менен куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Мехметчиктин (Түрк аскерин) жаңы жылы менен куттуктады.

Улуттук коргоо министрлигинин (УКМ) билдирүүсүнө караганда президент Эрдоган, Килисте жолугушууларды өткөргөн улуттук коргоо министри Яшар Гүлер аркылуу бул жерде кызмат өтөгөн аскерлердин жаңы жылын телефон аркылуу куттуктады.

«Сирия чек арасындагы бул күрөштө жетишилген натыйжалар жана ал жерде жүргүзгөн баатырдык күрөш биздин ар дайым коопсуз экенибиздин белгиси»,-деп айткан Эрдоган шейиттерге Аллахтан ырайым, ардагерлерге шыпаа тиледи.

Президент Эрдоган: «Биз 2023-жылды кантип артта калтырганыбызды жана аны артта калтырып жатканыбызды түшүндүрүүнүн кереги жок болсо керек.  Бирок кийинки мезгилде баатырларыбыз менен аман-эсенбиз, коопсузбуз жана ушундай түрдө жолубузду Аллахтын уруксаты менен улантабыз деп ишенем. Бардык катардагы жоокерлерибиздин, сержанттарыбыздын, бардык командирлерибиздин көздөрүнөн өөп, 2024-жылдын да жемиштүү жыл болушун Кудайдан тилейм. Сизге саламымды, сүйүүмдү жана урматымды жолдойм»,-деди.



Тектеш кабарлар