Гүлер жаңы жылда террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүк билдирүүсүн берди

Улуттук коргоо министри (УКМ) Яшар Гүлер социалдык медиа эсебинен жаңы жылга карата кайрылуусун жарыялады.

2082545
Гүлер жаңы жылда террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүк билдирүүсүн берди

Улуттук коргоо министри (УКМ) Яшар Гүлер жаңы жылда террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүк билдирүүсүн берди.

Яшар Гүлер социалдык медиа эсебинен жаңы жылга карата кайрылуусун жарыялады.

Гүлер өз билдирүүсүндө 2023-жылды Улуттук коргоо министрлиги катары өз милдеттерин мыкты аракет жана берилгендик менен аткарып, татыктуу сыймыктануу менен артта калтырышкандарын жана 2024-жылга жаңы үмүттөр менен киргендиктен толкунданып жатышкандарын белгилеп, «Ушундан улам Улуттук коргоо министрлигинин бардык сыйлуу кызматкерлерин «Жаңы жылы» менен чын жүрөктөн куттуктайм»,-деди.

Гүлер 2023-жылдын аймакта жана дүйнөдө көп кырдуу өнүгүүлөр болгон жыл болорун, коопсуздук чөйрөсүнүн өсүп жаткан тобокелдиктер жана коркунучтардан улам тез жана үзгүлтүксүз өзгөрө турганын баса белгиледи.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Түркиянын жана түрк улутунун коопсуздугу үчүн бардык иш-аракеттерин ынтызардуулук жана чечкиндүүлүк менен улантып жатканын белгилеген министр Гүлер: «Террор менен күрөшүүдө тарыхыбыздын эң ийгиликтүү мезгилин башыбыздан өткөрүп жатабыз, баатыр Мехметчиктин (Түрк аскери) дастандай ийгиликтери менен террордук уюмдун кыймылдуулугу дээрлик бүтүү чекитине жетти. Түрк аскерлерине каршы алсыз жана үмүтсүздүккө дуушар болгон террористтер азыр акыркы чабалактоосун жүргүзүп жатышат»,-деп айтты.

Министр Гүлер: «Эч бир террорист баатыр Мехметчиктин болот муштумунун астында эзилип калуудан кутула албайт»,-деди.

Гүлер, канкор террористтер бул аймактан жок болгонго чейин операциялардын, улам күчөгөн таасир, катуу басым жана чабуул жасоо менен улана турганын билдирди.



Тектеш кабарлар