Улуттук Чалгындоо Уюмунун Сириядагы ПКК операциясы
Улуттук Чалгындоо Уюму Сирияда аскердик бөлүктөргө кол салууларды пландаган, террордук уюм ПКК/ЙПГнын Табка жооптууларынан Өмер Абдуллах ел Даххамды операцияда жок кылды.
Улуттук Чалгындоо Уюму Сирияда террордук уюм ПККга карата операция жүргүздү.
Улуттук Чалгындоо Уюму Сирияда аскердик бөлүктөргө кол салууларды пландаган, террордук уюм ПКК/ЙПГнын Табка жооптууларынан Өмер Абдуллах ел Даххамды операцияда жок кылды.
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, террордук уюм ПКК/ЙПГнын Сириядагы Табка шаарынан жооптуу болгон «Абу Даххам» каймана аттуу террористтин Түркияга каршы террордук кол салуу пландаганы аныкталды.
2017 - жылдан бери "Евфрат калканы" жана "Тынчтык булагы" операция аймактарында болгон түрк куралдуу күчтөрүнүн база аймактарына карата террордук кыймылдарды ишке ашырган топтон жооптуу Даххам Улуттук Чалгындоо Уюму тарабынан иликтөөгө алынды.
Террорист Даххам Сириянын Табка аймагында жүргүзүлгөн операцияда жок кылынды.