Түркия глобалдык экспортто рекордун жаңылады

Болат социалдык медиа эсебинен Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) экспортко байланыштуу акыркы маалыматтарына баа берди.

2082077
Түркия глобалдык экспортто рекордун жаңылады

Соода министри Өмер Болат Түркиянын жылдык товар экспортунун быйылкы жылдын 9 айында 253,3 миллиард долларга өскөнүн айтып : "Түркия дүйнөлүк экспорттон 1,06 пайыздык үлүш алып, рекордун жаңылады»,-деди. 

Болат социалдык медиа эсебинен Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) экспортко байланыштуу акыркы маалыматтарына баа берди.

Түркиянын үлүшүнүн көбөйгөнүн белгилеген Болат : " Дүйнөлүк Соода Уюму билдирген акыркы статистикага караганда   2023 - жылдын январь - сентябрь айларынын аягында жылдык товар экспортубуз 253,3 миллиард долларга өстү. Түркия дүйнөлүк экспорттун 1,06 пайыздык үлүшүн алып, рекордун жаңылады. 2022 - жылы өлкөбүздүн экспортунун дүйнөлүк экспорттогу үлүшү 1,02 пайызды түзгөн.  Бул жакшы кабар уланат деп ойлойм",- деди. 

 



Тектеш кабарлар