АНКА - 3түн алгачкы учушу дүйнөлүк басма сөздө орун алды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын бул темадагы көз карашына көңүл бурулду.
Түркиянын жергиликтүү жана улуттук мүмкүнчүлүктөр менен чыгарылган учкучсуз учуучу аскердик учагы АНКА - 3түн алгачкы учушу дүйнөлүк басма сөздө кенен орун алды.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын бул темадагы көз карашына көңүл бурулду. «Батыштын эсебинин ишке жарабагандыгын көрсөткөн көп нерсе бар",- жазылды.
Германиянын Die Welt гезити президент Эрдоган кечээ жарыялаган АНКА-3 учагынын алгачкы жолу учушу тууралуу «Түркиянын өзүн-өзү камсыз кылуудагы кийинки баскычы» деген темада макала жарыялады.
Гезит : "Президент Эрдоган бир канча жыл мурда жолдомо берди. Программанын технологиялык жактан ийгиликтүү экени көрүнүп турат. Батыштын пландары ишке ашпай калганын көрсөтө турган көп нерсе бар", - деп жазды.
Италиянын басма сөзү да АНКА-3 тууралуу «Түркиянын жаңы учкучсуз аскердик учагынын алгачкы учуусу» деген темада жарыялады.
Кабарларда : "АНКА - 3 түрк аскердик авиациясынын тактикалык жөндөмдүүлүктөрү жактан жаңы бир мезгил. Түрк коргонуу өнөр жайы, учкучсуз аскердик учаткары тармагындагы иштерин ылдамдык менен улантууда",- деп айтылды.
Британиянын борбор шаары Лондондогу маалымат агенттиги Reuters да кабарды "Түркиянын жаңы учкучсуз аскердик учагы алгачкы учушун ишке ашырды" деген темада жарыялады. АНКА - 3түн техникалык өзгөчөлүктөрүнө орун берди.
Грек коргонуу пункту маалымат сайты да : "Түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараты АНКА - 3түн алгачкы учушу" деген кабарында учкучсуз аскердик учагынын көрүнүштөрүнө орун берди. Кабарда АКНА - 3түн техникалык өзгөчөлүктөрү бөлүшүлдү, 40 миң фут бийиктикке жетип, 10 саат учкандыгы да баса белгиленди.
АНКА - 3 Гонконгдогу BNN кабар сайтында : «Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттарынын технологиясы жана коргонуу өнөр жайындагы ачылышы» деген ат менен окурмандарга жеткирилди. АНКА - 3түн Түркиянын жаңычыл рухунун жана инженердик чеберчилигинин бир далили экени белгиленди. Кабарда дизайн өзгөчөлүктөрү да баса белгиленди.