Стамбул БУУнун аймактык борбору болот

БУУнун  Өнүктүрүү координациялык аймактык кеңсесинин Стамбулда түзүлүшүнө байланыштуу  макулдашуунун бекитилиши тууралуу  сунуш Түркия Улуу Улуттук Парламентинин Тышкы иштер комитети тарабынан кабыл алынды.

2081893
Стамбул БУУнун аймактык борбору болот

БУУнун  Өнүктүрүү координациялык аймактык кеңсесинин Стамбулда түзүлүшүнө байланыштуу  макулдашуунун бекитилиши тууралуу  сунуш Түркия Улуу Улуттук Парламентинин Тышкы иштер комитети тарабынан кабыл алынды.

Бул сунуштун жаңы жылда Түркия Улуу Улуттук Парламентинин жалпы жыйынында талкууланып, мыйзамга кириши күтүлүүдө.

АКШнын Нью-Йорк шаарында Түркия менен БУУнун ортосунда 2022  - жылдын 9 - ноябрында кол коюлган келишимдин негизинде БУУ тарабынан баштатылган реформа процессинин бир бөлүгү болгон БУУнун өнүгүү системасын карап чыгуунун алкагында резиденттик координаторлуктардын арасында аймактык координациянын түзүлүшү максатында  5  Өнүгүү аймактык кеңсесинин түзүлгөндүгү белгиленди.

Бул кеңселерге Панама, Аддис Абаба, Оман жана Бангок менен Стамбулдун кожоюндук кылышына чечим чыгарылгандыгы; Стамбулда түзүлө  турган БУУнун Өнүктүрүү координациясынын аймактык кеңсесинин БУУнун Европа жана Борбор Азиядагы туруктуу координаторлоруна колдоо көрсөтүү милдетин аткарары белгиленди.

Негиз боюнча  Стамбулда БУУнун Өнүктүрүү координациясынын аймактык кеңсесинин түзүлүшү жөнүндөгү келишим Түркиянын «Стамбулду БУУнун борбору кылуу» максатынын алкагында жасалган конкреттүү кадам экени баса белгиленди.

Комиссиядагы сунуш тууралуу депутаттарга маалымат берген тышкы иштер министринин орун басары Бурак Акчапар Стамбулда түзүлө турган БУУнун Өнүгүү координациясынын аймактык кеңсеси тууралуу : «Сөз болуп жаткан кеңсенин курулушу ошол эле учурда Стамбулдун Нью  -  Йорк же Женева сыяктуу БУУнун борбору болушу көз карашыбыз менен да шайкеш, ага кызмат кыла турган мүнөздө. Стамбулда курула турган БУУнун Өнүктүрүү коориднациясынын амактык кеңсеси Европа жана Орто Азияда кызмат кылган  БУУнун 18 координаторун колдойт»,- деди.

 



Тектеш кабарлар