Эрдоган "Айыл өкмөт башчыларынын жыйынында" сөз сүйлөдү

Президенттик комплекстин көргөзмө залында өткөрүлгөн «Айыл өкмөт башчыларынын жыйынында» сөз сүйлөгөн Эрдоган, террор менен күрөшүүгө токтолду.

2081869
Эрдоган "Айыл өкмөт башчыларынын жыйынында" сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, бүгүнкү күндө Түркиянын чек араларында террордун бүтөйүн деп калганын, мунун эң негизги себебинин Ирак жана Сирияда жүргүзүлгөн операциялар экенин айтты.

Президенттик комплекстин көргөзмө залында өткөрүлгөн «Айыл өкмөт башчыларынын жыйынында» сөз сүйлөгөн Эрдоган, террор менен күрөшүүгө токтолду.

«Аймактык бүтүндүгүбүздү коргоо, мамлекетибиздин унитардык түзүлүшүн коргоо, улуттук биримдикти жана ынтымагыбызды сактоо, бир улут, бир туу, бир мекен, бир мамлекет принцибин кандай гана шартта болбосун кармануу биздин кызыл сызыгыбыз», - деген президент булардын бузулушуна жол бербей турганын баса белгиледи.

Президент чек аранын тышындагы террористтердин өз базаларында, өз үңкүрлөрүндө жок кылынганын айтып: «Учурда чек араларыбызда террорго чекит коюлуп жаткан болсо, мунун эң негизги себеби Ирак жана Сирияда жүргүзгөн операцияларыбыз»,- деди.

Өткөн аптада 2 башка кагылышууда 12 аскердин шейит болгонун эске салган Эрдоган: «Биз шейиттерибиздин канын эч качан жерде калтырган жокпуз, калтырбайбыз да. 22-декабрдан бери жүргүзүлгөн операцияларда 59 террорист таасирсиз абалга келтирилди. Улуттук чалгындоо уюмубуз Сириянын түндүгүндөгү террор инфраструктурасына жана лидерлерине каршы өтө ийгиликтүү операцияларды жүргүзүүдө. Ушул алкакта террордук уюм үчүн орчундуу маанидеги 70 объектиге сокку урулду»,-деди.

Акыркы террорист жок кылынганга чейин операцияларды чечкиндүүлүк менен уланта тургандарын айткан Эрдоган, жаз айларында жаңы база аймактарынын инфраструктурасын бүтүрүп, террористтерди кайрадан ал жерлерге бут баспай турган абалга келтире тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар