Түрк мобилдик оюндардын кирешеси

Кажыр X социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

2080496
Түрк мобилдик оюндардын кирешеси
royal match.jpg

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр, алгачкы туркорндордун бири Dream Gamesтин оюну "Royal Matchтын" өткөн айларда дүйнөнүн эң көп кирешелүү мобилдик оюну болгонун айтты.

Кажыр X социалдык медиадагы билдирүүсүндө, Англиянын Financial Times гезитинин темага байланыштуу кабарына шилтеме кылып, төмөнкүдөй баа берди:

«Түрк технологиялык демилгеси болгон Dream Gamesтин «Royal Match» оюнунун өткөн айларда дүйнөдөгү эң көп кирешелүү мобилдик оюнга айланганын, 2021-жылы 2,75 миллиард долларлык баасы менен алгачкы туркорндордун бири Dream Gamesтин 200 кишилик командасы менен жылдык кирешесин эки эсеге көбөйтүп 2 миллиард долларга жеткиргенин, Candy Crush сыяктуу атаандаштарын артта калтырганын билесизби?"

Кажырдын, гезиттин темага байланыштуу кабарынан бөлүшкөн көрүнүштө болсо: «Royal Match Candy Crushту тактыдан түшүрдү» деген баш сөз орун алды.

Министрликтин билдирүүсүндө болсо Apple жана Google'дун онлайн тиркеме дүкөндөрүндө сарпталган каражаттарды билдирген Data.ai изилдөө компаниясынын маалыматтарында эң көп жүгүртүүгө ээ болгон компаниянын түрк технологиялык демилгеси Dream Gamesтин «Royal Match» оюну экени белгиленди.

Билдирүүдө британ гезитинин «Стамбулда кичинекей топ түзгөн оюн фирмасы Microsoft компаниясына таандык Candy Crush сыяктуу көптөгөн оюндарга көлөкө түшүрдү»,-дегени орун алды.



Тектеш кабарлар