MİT Айн-эл-Араб жооптуусу делген террористти жок кылды

Артыкчылыктуу буталар тизмесине кошулган жана жакындан байкоо салган террористтин пландалган кыймылынын акыркы баскычында экени билингенде чара көрүлдү.

2080173
MİT Айн-эл-Араб жооптуусу делген террористти жок кылды

Улуттук чалгындоо уюму (MİT) жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Айн-эл-Араб жооптуусу делген «Бахоз Африн» каймана аттуу террористти жок кылды.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, MİTдин талаа агенттери, 2019-жылдан бери террордук уюмда иш жүргүзүп баштаган жана 2021-жылдан бери Айн-эл-Араб жооптуусу деп аталган «Бахоз Африн» каймана аты бар террористтин чек ара сызыгында коопсуздук күчтөрүнө жаңы кол салуу үчүн курал даярдап жатканы тууралуу маалымат алды.

Артыкчылыктуу буталар тизмесине кошулган жана жакындан байкоо салган террористтин пландалган кыймылынын акыркы баскычында экени билингенде чара көрүлдү.

Операция менен террордук уюм «Бахоз Африн» деп аталган Айн-эл-Араб провинциясынын жооптуусу жок кылынды.



Тектеш кабарлар