Ирактын түндүгүнө абадан жүргүзүлгөн операциялар: «Шейиттер үчүн»

Улуттук коргоо министрлиги (УКМ), Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында база аймагына кирүүгө аракет кылган террористтер менен кечээ болгон кагылышууда 6 аскердин шейит болгонун, 1 аскердин жараланганын билдирди.

2080084
Ирактын түндүгүнө абадан жүргүзүлгөн операциялар: «Шейиттер үчүн»

Ирактын түндүгүндө шейит болгон аскерлердин саны 12ге жетти.

Улуттук коргоо министрлиги (УКМ), Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында база аймагына кирүүгө аракет кылган террористтер менен кечээ болгон кагылышууда 6 аскердин шейит болгонун, 1 аскердин жараланганын билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө:«2023-жылдын 23-декабрында «Чеңгел-Кулпу»  операциясы аймагындагы бир база аймагына кирүүгө аракет кылган террористтер менен чыккан кагылышууда 6 баатыр жолдошубуз шейит болуп, бир баатыр жолдошубуз жараланды. Алгачкы жыйынтыктарга караганда, кагылышууда 13 террорист таасирсиз кылынды. Аймакта ок атышуу уланууда. Белгиленген буталарга карата тез абадан операциялар да жүргүзүлүүдө»,делди.

Улуттук коргоо министрлигинин мурунку билдирүүсүндө да, Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм тарабынан кол салуу  болуп, 6 аскердин шейит болгону билдирилген.

Шейиттер тууралуу кабардан кийин мамлекеттин жетекчилигинен биринин артынан бири көңүл айтуу билдирүүлөрүн жасашты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш чыккынчыларга тийиштүү жооп берилерин айтса, вице-президент Жевдет Йылмаз: «Улутубузга көңүл айтам»,-деди.

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, тышкы иштер министри Хакан Фидан жана Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун да социалдык медиа эсептеринде шейит болгон аскерлер үчүн көңүл айтышты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынында 4 саясий партия кол койгон декларацияда «Террор жана зомбулук эч качан максатына жетпейт» деп айтылды.

Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АК партия), Улутчул кыймыл партиясы (MHP), İYİ партиясы жана Саадет партиясы кол койгон декларацияда ПКК террордук уюмунун кол салуулары айыпталды.

Ошол эле учурда абадан жүргүзүлгөн операциялары менен Ирактын түндүгүндөгү жана Сириядагы 29 террордук бута жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинен Ирак жана Сириянын түндүгүндө абадан жүргүзүлгөн операцияларына байланыштуу «Шейиттерибиз үчүн» деген аталышта билдирүү жасалды.

Билдирүүдө ПКК/КЖК жана башка террордук элементтерди таасирсиз кылуу, Ирак менен Сириянын түндүгүнөн калкка жана коопсуздук күчтөрүнө каршы террордук кол салууларды жок кылуу жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 51-беренесине ылайык мыйзамдуу коргонуунун негизинде Ирак менен Сириянын түндүгүндөгү террор буталарына кечээ Түркия убактысы боюнча саат 22:00де абадан операция жүргүзүлгөнү белгиленди.

Билдирүүдө:« Абадан жүргүзүлгөн операциялар менен жикчил террор уюму тарабынан колдонулган жана жоопкерчиликтүү деңгээлде террористти камтыган үңкүрлөр, бункерлер, баш калкалоочу жайлар, мунай объекттери жана кампалардан турган жалпы 29 бута жок кылынды. Ишке ашырылган операцияларда ата мекендик жана улуттук ок-дарыларды максималдуу колдонуу менен көптөгөн террорист таасирсиз кылынды»,-деп айтылды.

Бир тараптан улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, Ирак жана Сириянын түндүгүндөгү террор буталарына каршы абадан жүргүзүлгөн операцияларды Аскердик Аба күчтөрүнүн Операция борборунан башкарды.

Бир тараптан Гүлер «Чеңгел-Кулпу» аймагындагы кол салуулардан кийин таасирсиз абалга келтирилген террористтердин санынын 30га жеткенин билдирди.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, министр Гүлер «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында жарадар болгон аскерлердин абалын сурагандан кийин Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) 23-Жөө аскерлер дивизиясынын командирлигине өттү.

Бул жерде министр Яшар Гүлер «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагындагы акыркы абал тууралуу маалымат алып, тапшырмаларды берди.

Министр Гүлер «Чеңгел-Кулпу» аймагындагы кол салуулардан кийин таасирсиз абалга келтирилген террористтердин санынын 30га жеткенин жарыялады.

Ички иштер министри Али Йерликая социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө 10 облуста бир убакта жүргүзүлгөн Баатырлар-35 операциясында жикчил террордук уюмга таандык 58 үңкүр, баш калкалоочу жай жана кампалардын жок кылынганын билдирди.



Тектеш кабарлар