Эрдоган террордук кол салууларга катуу каршы чыкты

Президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө террорду катуу айыптады.

2080103
Эрдоган террордук кол салууларга катуу каршы чыкты

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Ирактын түндүгүндө жикчил чыккынчылар тарабынан жасалган кол салууларда шейит болгон баатыр аскерлерибизге Аллах ырайым кылсын, алардын үй-бүлөлөрүнө, жакындарына жана улутубузга көңүл айтам»,-деди.

Президент Эрдоган, социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө:«Төккөн каны үчүн жикчил мыкаачылардан өч алынууда жана жазасы берилүүдө. Биз акыркы террорист жок кылынганга дейре терроризмди булагында жок кылуу стратегиябызды чечкиндүүлүк менен ишке ашырууну улантабыз.

Түркия эмнеси болсо дагы Ирактын түндүгүндө жана Сирияда террордук уюмдун түзүлүүсүнө эч качан уруксат бербейт. Биз империалисттерге кошоматтык кылган киллерлердин тобуна каршы күрөшүбүздөн албетте чегинбейбиз.

Кандуу кылмышкерлер да, жикчил уюмду колдогондор да эртеби-кечпи, биздин аймактын келечегинде терроризмге орун жок экенин түшүнүшөт. Чек араларыбыздын ичинде жана тышында террористтерге тыным бербей жаткан бардык коопсуздук күчтөрүбүзгө Аллах Тааланын колдоосун тилейм. Аллах баатыр жоокерлерибизди жеңишке жеткирсин»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар