Түркия Улуу Улуттук Парламенти Швециянын НАТОго кошулуу протоколун күн тартибине киргизди

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин тышкы иштер комиссиясынан берилген маалыматка караганда комиссия 26 -  декабрь шейшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат  15:00да чогулат.

2079924
Түркия Улуу Улуттук Парламенти Швециянын НАТОго кошулуу протоколун күн тартибине киргизди

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин тышкы иштер комиссиясында  «Швеция Королдугунун НАТОго кошулушуна байланыштуу протоколдун бекитилиши жөнүндөгү сунушту» күн тартибине киргизди.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин тышкы иштер комиссиясынан берилген маалыматка караганда комиссия 26 -  декабрь шейшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат  15:00да чогулат. 

Жыйында эл аралык келишимдерди бекитүү боюнча 10 мыйзам долбоору талкууланат.

Күн тартибиндеги   10 -  маселе Швециянын НАТОго кошулуу протоколун бекитүүнү жактырган мыйзам сунушу болду.

16 - ноябрда Түркия Улуу Улуттук Парламентинин тышкы иштер комиссиясында сүйлөшүүлөрү башталган сунуш сүйлөшүүлөрү кечеңдетилген болчу. 

 

 



Тектеш кабарлар